Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-4
Жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Алашан айылынын тургуну Эргешов Сапарбай Салаевичтин жеке менчигиндеги 1500,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 70,0 чарчы метр жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын “Соода сатык дүкөн” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесине ылайык, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Алашан айылынын тургуну Эргешов Сапарбай Салаевичтин жеке менчигиндеги 1500,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 70,0 чарчы метр жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын “Соода сатык дүкөн” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |