Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-5
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесиндеги 11-пунктуна ылайык, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы калктуу конуштардан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын ташып чыгаруу,чогултуу тарифин көтөрүү маселеси айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн коомдук угууларда колдоо тапкандыгына байланыштуу, ар бир кожолуктан ар бир айына 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин, 1 м3 турмуш тиричилик калдыктарынын калькуляциясы 629 сом жана таштанды салыгынын прейскуранты Кыргыз Республикасынын 1981-жылдын 11-декабрындагы №457- буйругуна негиз бекитилсин.
2. Таза Суу боюнча Көк-Жар, Жийде Найман участкаларындагы короодон пайдаланган суунун тарифи 2400 сом жылына, көчөдөн таза суудан пайдаланган бир адамга 10,10 сом болуп мурдагы тарифтерин калтырууга макулдук берүү маселеси сессияга сунушталсын.
3. Таза Суу боюнча Он Эки Бел айылдары боюнча короодон таза суудан пайдаланган бир адамга 33,01 сом. Көчөдөн таза суудан пайдаланган ар бир адамга 19,25 сомдон, мекеме-иш каналар үчүн 1 м куб суу 22 сом мурдагы тарифи боюнча калтырууга макулдук берилсин.
4.Таза суу пайдалануучулар менен жеке ар бир абонент менен келишимдер түзүлүп, абоненттердин саны такталсын.
5.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |