Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-6
“Көк-Жар” муниципалдык ишканасына чарбалык башкарууга өткөрүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансындагы атайын техникаларды чарбалык башкарууга өткөрүп берүү максатында, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айыл өкмөтү мекемесинин балансында турган 8 даана атайын техникаларды «Көк-Жар» муниципалдык ишканасына Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан буйруктун негизинде чогултулуп, техникалык абалдары каралып, төмөнкү техникалар муниципалдык ишканага чарбалык башкарууга өткөрүп берилсин.
-Автосамосвал-1даана
-фронталдык погрузчик-1даана
-Эксковартор самсунг-1 даана
-Мусоровоз-1даана
-Эксковатор -1даана
-Беларусь трактор-1 даана
-Беларусь трактор МТЗ-82-1даана
-Прессподборщик Тукаи-1 даана
2.Атайын техникалардын абалы жана амортизациясы Көк-Жар муниципалдык ишканасы тарабынан каржылансын, ар жарым жылдыкта техникалардын абалы тууралуу маалымат берилсин.
3.Муниципалдык ишкана тарабынан техникалар керектөө кагазына негиз иш алып барылсын, техникалардын өз алдынча иштетилген учурда мыйзам чегинде чара көрүлүүсү эскертилсин.
4.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |