Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-7
Асылдуулугу төмөн жайыт жеринин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 5-февралындагы №45 сандуу катына жана Алашан айылынын тургуну М.Шамаевдин арызына негиз, Найман айылынын Нооруке участкасынын №2 контурунан 0,03 га, №4 контурунан 0,01 га, №8 контурунан 0,18 га, №9 контурунан 0,42 га, №10 контурунан 0,07 га, №14 контурунан 0,04 га,№15 контурунан 0,27 га жалпысы болуп 1,0 га жайыт жер аянтын айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү максатында асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Найман айылынын Нооруке участкасынын №2 контурунан 0,03 га, №4 контурунан 0,01 га, №8 контурунан 0,18 га, №9 контурунан 0,42 га, №10 контурунан 0,07 га, №14 контурунан 0,04 га, №15 контурунан 0,27 га жалпысы болуп 1,0 га жайыт жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомунун 95-бөлүгүнүн негизинде асылдуулугу төмөн жайыттар жерлерди максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүү үчүн райондук жер комиссиясынын чечимине негиз трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү ишкагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |