Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-8
Көк-Жар айыл аймагына инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 5-февралындагы №45 сандуу катына негиз Улуу Тоо айылынын батыш тарабынан бош жаткан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы 30,0 га жер аянтын кыш заводун куруу максатында, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Улуу Тоо айылынын батыш тарабынан 5,0 га жер аянтына кыш заводун курууга жана 25,0 га жер аянтынан топурак алуу үчүн (карьер катары) пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Муниципалдык менчикти ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна негиз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |