Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-11
Жийде айылында №6-контурунда жайгашкан АЧЖМФнун 15,74 га көп жылдык багындагы эски бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө
Жийде айылында №6-контурунда жайгашкан АЧЖМФнун 15,74 га көп жылдык багындагы эски бак-дарактарды кыйып, бакты жаңылоого макулдук берүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына негиз, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жийде айылында №6-контурунда жайгашкан АЧЖМФнун 15,74 га көп жылдык багындагы эски бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү мекеме-ишканалардан корутунду алуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |