Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-12
Көк-Жар айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 37 мыйзамынын 379-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгынан сунушталган орточо ставкаларга негиз, 1 м2 аянтка 12,66 сом бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |