Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы № 4-13
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукту аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Көк-Жар (мурунку Көк-Жар, Найман жана Он Эки Бел айыл өкмөттөрүнүн) айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрук менен таанышып, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Көк-Жар (мурунку Көк-Жар, Найман жана Он Эки Бел айыл өкмөттөрүнүн) айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Мамлекеттик жер фондуларын ижарага берүүнүн негизинде өндүрүлбөй калган 331,2 миң сом ижара акыларды өндүрүрүлсүн жана бюджеттик жоготууга жол берилбесин. Бул кемчилдиктерди жоюу жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин жер маселелер боюнча адиси Ж.Сарыбаевге жүктөлсүн.
3. Айыл аймагына караштуу соц.имараттарды отун (көмүр) менен камсыз кылууда ашыкча аныкталган 458,1 миң сомдук запасы зачетко алынсын.
4. Утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 4356,3 миң сомдук кошуп жазуулар подрядчылар тарабынан калыбына келтирилсин.
- 1145,6 миң сомдук кошуп жазууларды “РАЯН-Ош ЛТД” ЖЧКсы тарабынан аткарууга алдыруу жагы укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына тапшырылсын.
- 3210,7 миң сомдук кошуп жазууларды “СУС Сирой” ЖЧКсы тарабынан аткарууга алдыруу жагы укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына тапшырылсын.
Он Эки Бел айыл өкмөтү боюнча:
5. Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан чегерилбей калган 10,8 миң сом киреше салыгы жана 27,4 миң сом социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү тиешелүү бюджетке которулсуусун камсыз кылуу жагы Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б. Орунбаевге жүктөлсүн.
6. Аудиттин жүрүршүндө аныкталган 258,5 миң сомдук нормативден ашык запастар эсепке алуу зачетко алынсын.
7. “Көк-Жар Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан Көк-Жар айыл аймагынын жарандары менен келишимдерди түзүү жана дебитордук карыздардын эсебин жүргүзүүнү иш жүзүнө ашыруу “Көк-Жар Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А. Акматовго жүктөлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |