Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-2
Жийде айылынын Ак-Өтөк негизги мектебине кошумча окуу корпусун куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2025-жылдын 25-февралындагы № 68 сандуу катына негиз, Жийде айылынын Ак-Өтөк негизги мектебине кошумча окуу корпусун куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү максатында, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жийде айылынын Ак-Өтөк негизги мектебине окуу класстарынын жетишсиз болгондугуна байланыштуу, кошумча окуу корпусун куруу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун №9 контурунан 1,50 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |