Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-3
Көк-Жар айыл аймагындагы ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдарга кезексиз берилүүчү жер аянтын берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовдун 2025-жылдын 28-февралындагы № 72 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдарга кезексиз берилүүчү жер аянтын берүү максатында, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын «Турак жай» кодексинин 44-беренесинде Турак-жайларды кезексиз жана биринчи кезекте берүү жана балдар кодексинин 13-беренесинин 5-пунктуна негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы ата-энесинен ажыраган төмөндөгү 5 тоголок жетим балдарга турак-жай куруу үчүн жер аянты кезексиз берилүүсүнө макулдук берилсин.
-Турганбаев Сырдаш-Сарыканды айылынын тургуну,
-Сүйүнбаев Алинур-Сарыканды айылынын тургуну,
-Момун кызы Гүлсевар-Он Эки бел айылынын тургуну,
-Эшбаев Кандоолот-Нарай айылынын тургуну,
-Эшбаев Жандоолот-Нарай айылынын тургуну
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |