Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Абшыр-Сайынын күн батыш тарабындагы №5 контурунан айыл чарбасына ыңгайсыз 1,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Абшыр-Сайынын күн батыш тарабындагы №5 контурунан айыл чарбасына ыңгайсыз 1,0 га жер аянтынын багытын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына өзгөртүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап , “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Абшыр-Сайынын күн батыш тарабындагы №5 контурунан айыл чарбасына ыңгайсыз 1,0 га жер аянтынын багытын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. 1,0 га жер аянтынын ичинен 0,10 га жер аянтына таш майдалоочу жеңил конструкциядагы ишкана курууга жана 0,90 га жер аянтын карьер багытына иштетүүгө макулдук берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Жер аянтын “Муниципалдык менчикти ижарага берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого негиз берилүүсүн камсыз кылуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |