Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-5
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сарыканды айылынын тургуну Маткасымова Келсинайдын, Каранай айылынын тургуну Зайир кызы Мадинанын, Нарай айылынын тургуну Салиева Марапаттын, Көк-Жар айылынын тургуну Пазилова Гүлнаранын, Сарыканды айылынын тургуну Орунбаев Жаркундун арыздарына негиз, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарыканды айылынын тургуну Маткасымова Келсинайга 10 000 (он миң) сом,
-Каранай айылынын тургуну Зайир кызы Мадинага 10 000 (он миң)сом,
-Нарай айылынын тургуну Салиева Марапатка 5 000 сом (беш миң) сом,
-Көк-Жар айылынын тургуну Пазилова Гүлнарага 10 000 (он миң) сом,
-Сарыканды айылынын тургуну Орунбаев Жаркунга 10 000 (он миң) сом
акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 28241100 беренесинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |