Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-6
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Алашан айылынын тургуну Абийбилла уулу Эламандын Найман айылында жайгашкан 1000,0 чарчы метр соода сатык багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү максатында Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Алашан айылынын тургуну Абийбилла уулу Эламандын Найман айылында жайгашкан 1000,0 чарчы метр соода сатык багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө, Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 5-февралындагы № 0324 сандуу кортундусуна негиз макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |