Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 06-марты № 5-8
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесинин 1-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2024-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан калган калдык суммасы 12 432 600 (он эки млн төрт жүз отуз эки миң алты жүз) сом болуп бекитилсин.
2. 2025-жылга карата калган калдык акчанын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен калган 11 429 500 (он бир млн төрт жүз жыйырма тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты бекитилсин.
3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан калган 869 500 (сегиз жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом калдык акча каражаты бекитилсин.
4. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |