Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-марты № 6-2
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Жийде айылынын тургуну Акбар уулу Абдиназардын арызына негиз, Турция мамлекетинде болуучу операциясына акча каражатын бөлүп берүү үчүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына таянып, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жийде айылынын тургуну Акбар уулу Абдиназардын арызына негиз 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 28241100 беренесинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Арапов |