Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровдун 29.07.2024-жылдагы №01-10/110 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 70629(ЖКХ)-бөлүмүнүн 3111-беренесине коюлган акча каражаты аба-ырайынын кырсыктарына байланыштуу, пландалбаган иш-аракеттерге жумшалып кетти. Ушул себептен республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү гранттар эсебинен проектиси тастыкталган Гулистан айылынын “Т.Абдуллаев” жана “Сай-Боюу” көчөлөрүн асфальттоого өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен коюла турган акча каражаты иштелип кетти. Бул салымды жергиликтүү бюджеттин башка бөлүмдөрүндөгү пайдаланылбай калган акча каражат эсебинен берилишин сурап Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешке кайрылган. Бул маселени Гулистан айылдык кеңеши көрүп чыгып, талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27,34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 04-августундагы “Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөр жөнүндөгү” № 385-Токтомуна ылайык, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине № 1 тиркеме ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |
| Гулистан айылдык кеңешинин (VIIшайланган) кезектеги 31-сессиясынын № 2-Токтомуна № 1 тиркеме |
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр (миң.сом)
| 3-квартал | |
берене | сумма | |
Кирешелер: |
|
|
70921-бөлүм (Билим берүү) | 3111 | -800,0 |
70629- бөлүм (ЖКХ) | 2221 | -400,0 |
Кирешелердин бардыгы: |
|
-1200,0 |
|
|
|
|
|
|
Чыгашалар: | берене | сумма |
70629-бөлүм (ЖКХ) | 3111 | 1200,0 |
|
|
|
Бардыгы: |
|
1200,0 |
Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | А.Абдураимов |