Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-3
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 25.07.2024-ж. чыгыш № 01-25/3199-сандуу катын кароо жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы 2024-жылдын 25-июлунда чыгыш № 01-25/3199-сандуу каты менен айыл өкмөтү жана айылдык кеңешке кайрылган. Бул кайрылууда Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы билим берүүчү мектептерге таштандыларды чыгаруу акысы боюнча төлөнбөй келе жаткан карызын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилиши баяндалган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодексинин 76-беренесинин 2-пунктунун негизинде, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык Эмес Кирешелер Жөнүндөгү Кодексинин 76-беренесинин 2-пунктуна ылайык, муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан төлөнулөт.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чечимди кат жүзүндө тийиштүү органдарга маалымдоо тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мирзакулов |