Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-4
Гулистан айыл аймагында табигий кырсыктардын алдын алуу боюнча аткарыла турган иш-чаралар жөнүндө
2024-жылдын 28-29-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ноокат районунда, айрыкча Гулистан айыл аймагында күчтүү сел жүргөн. Селдин кесепетинен “Чили-сай” дарыясынын жээгинде жайгашкан 8 үй-бүлөнүн турак-жайлары жараксыз абалга келип калды, үйдүн ичиндеги мүлктөр жана мал жандыктары жоготууга дуушар болду. Дарыяда жайгашкан сугат суу үчүн курулган, жалпы суммасы 12 миллион сомдук 6 дамбаны сел жууп кетип, 1400 гектар жер аянты суусуз калды. Мындан ары сел коркунучтарын алдын алуу, жеткиликтүү иш-чараларды өткөрүү максатында, Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги бул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. “Чили-сай” дарыясындагы жана жээктериндеги Гулистан айыл өкмөтү, суу пайдалануучулар бирикмесинин балансында болгон суу бөлүштүрүүчү дамбалар жана башка курулмалардан тышкары Гулистан айыл аймагындагы сел жүрүүсү мүмкүн болгон жерлерге уруксатсыз бак дарактарды тигүүгө, мыйзамсыз курулуштарды курууга жана башка максаттарда пайдаланууга тыйуу салынсын.
2. Гулистан айыл аймагынан өткөн “Чили-сай” дарыясынан жана анын жээгинен курулуш материалдарын (кум, таш, шагал) алынышына тыйуу салынсын.
3. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- Сел келтирген кесепеттерди жоюу жана алдын алуу боюнча керектүү иш-чаралар өткөрүлсүн;
- Ушул токтомдун чечимдерин аткарылышында мыйзам бузуулар болгон учурда, мыйзам бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тийиштүү чаралар колдонулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | У. Мирзакулов |