Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-5
Гулистан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 08-июль күнү өткөргөн отурумунун протоколунун чечимдерин кароо жөнүндө
Гулистан айыл аймагы “Гулистан” айылындагы ичимдик суу бөлүштүрүүчү кампасынын жер астынан чыгуучу насоско кеткен электрокабель жараксыз болуп калгандыгынан, айылдагы 500 жакын үй-бүлөгө ичимдик суу берүү токтотулган. Бул маселени тез арада чечүү максатында, жергиликтүү бюджеттен керектелүүчү акча каражатын ажыратылышы боюнча айылдык кеңеши 2024-жылдын 08-июль күнү отурум өткөргөн. Бул отурумдун протоколунун чечимдери менен Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары таанышып чыгып, токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин депутаттарынын 2024-жылдын 08-июль күнү өткөргөн отурумунун протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги айлык маяналары бөлүгүндөгү эконом болгон 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатты жергиликтүү бюджеттин “Жарандык коргонуу” бөлүгүнө которууга макулдук берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |