Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча 2023-жылдын 08-декабрындагы № 838-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 08-декабрындагы № 838-токтомун бекитип берүү үчүн берген сураныч катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча 2023-жылдын 08-декабрындагы № 838-токтому бекитип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |