Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-7
Гулистан айыл аймагындагы элдер тарабынан мыйзамсыз ээленип, жер мунапысы боюнча мыйзамдаштырылган көчөгө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” № 21-Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” №291-Жобосунун негизинде мунапыс жарыяланып, Гулистан айыл аймагындагы элдер тарабынан мыйзамсыз ээленип, турак-жай курулган жер аянттары мыйзамдаштырылды. Азыркы күнгө келип көпчүлүк жарандарыбыз бул жер аянттарына турак жай куруп, көчүп чыгышкан. Аларга көчөлөрдүн аты жоктугу кыйынчылыктар алып келүүдө. Айрыкча жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн бериле турган мамлекеттик актыларды алынышында жарандар бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жаңыдан уюшулган көчөлөрдүн тургундары өздөрүнүн көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча арызданышкан. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1. Бостон айылындагы “Чынар-3” көчөсүнөн кийинки Абидова Махфираттын үйүнөн башталып чыгыш тарапка кеткен, Мамарахимова Озоданын үйүнө чейинки болгон көчөгө коомдук жана саясий ишмер, көп жылдары түрдүү кыматтарда иштеген маркум Балтабаев Тагдиралинин наамы ыйгарылып, “Балтабаев Тагдирали” атындагы көчө деп аталсын.
2. Жаңыдан наам коюлган көчөгө тийиштүү көрсөткүч жана номерлерди даярдоо жана илүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун бирден нускасын райондук кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жеткирүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мирзакулов |