Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-августу №XXXI-8
Гулистан айыл аймагында 2024-жылдагы Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик дем берүүчү грант эсебинен колдонулган долбоорго элдик салымды иштетилишине уруксат берүү жөнүндө
Гулистан айылынындагы “Т.Абдуллаев” жана “Сай-Боюу” көчөлөрүн асфальттоо боюнча долбоору республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү грант эсебинен колдоого алынган. Бул долбоордо гранттык каржылоодон тышкары элдик салым дагы каралган. Элдик салымды долбоорго иштетилишине уруксат берүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү грант эсебинен колдоого алынган “Гулистан айыл аймагынын Гулистан айылындагы Т. Абдуллаев жана Сай-Боюу көчөлөрүн асфальттоо” долбооруна элдик салым катары түшө турган 3 931 850 (Үч миллион тогуз жүз отуз бир миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын долбоорго иштетилишине уруксат берилсин.
2. Долбоорго элдик салым катары түшө турган акчаны максаттуу иштетилиши Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |