ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын
кезектеги XXXI-сессиясы
2024-жылдын 07-августу №XXXI-9
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2024-жылдык планын жана 2025-2029-жылдарга божомол жылдык планын бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-январындагы № 30“Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жайыт комитети түзүлгөн. Жайыт комитети айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) менен иш жүргүзөт. Гулистан ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга бекитилген бюджети 468 миң сомду түзөт. Кийинки беш жылга жайыт комитетинин орточо бюджети 488 миң сомдон эсептелген. Гулистан айылдык кеңеши Гулистан ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга жылдык планын жана 2025-2029-жылдарга беш жылдык божомол бюджетин бекитип берүү максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагындагы ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга белгиленген жылдык планы жана 2025-2029-жылдарга белгиленген божомол планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Гулистан ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-2029-жылдарга жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттарды жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерин көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнө жана ЖПБнин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |