Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №XXXII-1
Гулистан айылдык кенешинин 2023-жылдын 2-майындагы кезектеги XVIII-сессиясында бекитилген “Гулистан айыл аймагынын 2023-2027-жылдарга түзүлгөн өнүгүү-стратегиялык программасына” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагы Фрунзе айылындагы “Режап Хужамов” атындагы орто мектебиндеги башталгыч класстарга сабак өтүлүүчү имараты жараксыз абалга келип калган. Бул имаратты жаңыдан куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин ӨКМЖБДнин 29.07.2024-ж. № О-388-Корутундусу жана Ноокат райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын 29.07.2024-ж. Актысы чыккан. Бул маселе Гулистан айыл аймагынын 2023-2027-жылдарга түзүлгөн өнүгүү-стратегиялык программасына киргизилиши керектелинет. Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги бул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. “Режап Хужамов” атындагы орто мектебиндеги башталгыч класстарга жаңы корпус куруу боюнча кошумча маселесин Гулистан айыл аймагынын “2023-2027-жылдарга түзүлгөн өнүгүү-стратегиялык программасына” киргизүүгө макулдук берилсин.
2. “Режап Хужамов” атындагы орто мектебиндеги башталгыч класстарга жаңы корпус курууга каржылоо булактарын изилдөө Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Гулистан айыл аймагынын “2023-2027-жылдарга өнүгүү-стратегиялык программасында” кабыл алынган иш-чараларды туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мирзакулов |