Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №XXXII-2
Гулистан айыл аймагында 2024-жылы табигий кырсыктардан жабыр тарткан жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участкаларын ажыратуу жөнүндө
2024-жылдын 28-29-июнь күндөрү нөөшөрлөп жаккан жамгырдын кесепетинен Ноокат районунда, айрыкча Гулистан айыл аймагында күчтүү сел жүргөн. Селдин кесепетинен “Чили-сай” дарыясынын жээгинде жайгашкан турак-жайлар жараксыз абалга келип калган. Сел алган турак-жайларды, короо сарайларды, эгин таалаларды аныктоо боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын базасында комиссия түзүлгөн. Бул комиссия 2024-жылдын 29-июнь күнү текшерүүлөрдөн кийин жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү аныктаган. Комиссия жабыр тарткан Гулистан айылынын тургундары Ботаев Рустам менен Ботаев Шухраттын турак-жайлары толук жараксыз абалга келгенин белгилеп, башка жерден аларга турак-жай куруу үчүн жер участкасын берүүнү Гулистан айыл өкмөтүнө сунуштаган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Гулистан айылынын тургундары Ботаев Рустам менен Ботаев Шухраттын үй-бүлөөлөрүнө турак-жай куруу үчүн жаңы жер участкаларын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ботаев Рустам менен Ботаев Шухратка жаңы жер участкаларын берүү, бул участкаларга керектелүүчү иш-кагаздарды даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |