Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №XXXII-4
Режап Хужамов атындагы орто мектебинде сырттан окутууну уюштуруу жөнүндө
Фрунзе айылындагы “Режап Хужамов” атындагы орто мектебинин ата-энелеринин талабына ылайык, мектеп директору Мамитов Мухаммадазизден түшкөн өтүнүч каттын негизинде, Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. “Режап Хужамов” атындагы орто мектебинде окуучулар үчүн онлайн сырткы класстар ачылышына макулдук берилсин.
2. “Режап Хужамов” атындагы орто мектебине сырттан окууну уюштуруу үчүн тиешелүү иш-чараларды аткаруу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө жана “Режап Хужамов” атындагы орто мектебинин директоруна тапшырылсын.
3. “Режап Хужамов” атындагы орто мектебине онлайн окутуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |