Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-сентябры №XXXII-5
Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” жана “Теремок-Гулистан” балдар бакчаларына кошумча тайпалар (группалар) fчылышына уруксат берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында болгону эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Биринчиси Гулистан айылындагы 120 орундуу “Теремок Гулистан” балдар бакчасы, экинчиси Фрунзе айылындагы 180 орундуу “Гүлбакча” балдар бакчаксы. Азыркы күндө мектепке чейинки балдардын саны артып кеткендигин эсепке алып, көптөгөн ата-энелердин арыздарын аткаруу максатында, бул балдар бакчаларынын базасында дагы бирден кошумча тайпалардын ачуунун мүмкүнчүлүгү бар. Бул маселе боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларынын сураныч каттары айылдык кеңешине берилген. Гулистан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, токтом кылат:
1. Гулистан айылындагы “Теремок-Гулистан” жана Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” балдар бакчаларынын базасында кошумча бирден тайпа (30 балага чейин) ачууга уруксат берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнө:
- “Теремок-Гулистан” жана “Гүлбакча” балдар бакчаларына кошумча тайпаларды ачуу боюнча тийиштүү жардам көрсөтүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Жаштар, спорт, билим берүү жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |