Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябры №I-1
Гулистан айылдык кеңешини төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2- протоколун бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңешинин төргасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2 –протоколун карап чыгып Гулистан айыл кеңешинин (VIII-шайланган) 1-сессиясы токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун № 2-протоколу бекитилсин. (Протокол тиркелет)
2. Гулистан айыл кеңешинин төрагасы болуп Мирзакулов Умаржон Мамиржонович шайлансын.
Мирзакулов Умаржон Мамиржонович - 1967-жылы туулган, маалыматы жогорку, 1993-жылы Скрябин атындагы Кыргыз Айыл чарба Институтунун зооинженерия факультетин бүтүргөн. Үй булөлү, мурдагы Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) төрагасы болуп 2021-жылдын май айынан баштап иштеген.
3. Гулистан айылдык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Эргашбоева Малохатхон, экинчи орун басары болуп Шаназаров Яхёбек шайлансын.
Сессиянын төрагасы: | Д. Иминжанова
|
Гулистан айыл кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын отурумунун
№ 2 П Р О Т О К О Л У.
Отурумга катышкандар:
Төрага- Ахмаджанова Махфуза
Катчы- Дорипов Боходиржон
Мүчөлөр: Эргашбоева Малохат
К Ү Н Т А Р Т И Б И:
1. Гулистан айыл кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Шайлоого 31 депутат катышып, добуш беришти. Урнаны ачканда 31 бюллетень чыкты.
Талапкер Мирзакулов Умаржон Мамиржоновичти жактап 31 добуш берилди.
Бардык талапкерлерге каршы 0 добуш.
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Эсептөөнүн жыйынтыгы менен талапкер Мирзакулов Умаржон Мамиржонович Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Б. Дорипов
Катчысы: М. Ахмаджонова
Мүчөсү: М. Эргашбоева