Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-ноябры №I-3
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планында көрсөтүлгөн, Гулистан айыл аймагы Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-Абад 2 ”көчөсүн асфальттоо боюнча 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасында Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-Абад 2” көчөсүн асфальттоо 2025-жылдын планына киргизилген. Аты аталган көчөнүн асфальттоосу боюнча Гулистан айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоп, Беш-Коргон айылындагы жогоруда аты аталган көчөнүн мамлекеттик каржылоосуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өздүк салымын кошуу максатында, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планын негизинде, 2025-жылда Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-Абад 2” көчөсүн асфальттоо үчүн аты аталган көчөдө ремонттоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Беш-Коргон айылындагы “Жаңы-Абад 2” көчөсүн асфальттоо - долбооруна өздүк салым катары, 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча түшүүсү күтүлүп жаткан, пландан ашыкча акча каражаттардын эсебинен төлөп берүү жолуна коюлсун.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мирзакулов |