Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-декабры №II-4
Гулистан айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга түзүлгөн туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңешинин депутаттарынын, Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жамааттардын демилгечи топторунун катышуусунда жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизинде иштелип чыгылган, Гулистан айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга түзүлгөн туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы стратегиялык планы менен таанышып чыгып, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин депутаттарынын, Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, жамааттардын демилгечи топторунун катышуусунда жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизинде иштелип чыгылган, Гулистан айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга түзүлгөн туруктуу өнүгүүсүнүн жаңы стратегиялык планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймагындагы бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык пландын негизинде алып барылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Мирзакулов |