Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 1
Бириктирилген Үч-Төбө жана Алай айыл өкмөттөрүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2024- жылдын маалыматы,2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бириктирилген Үч-Төбө жана Алай айыл өкмөттөрүнүн 2023-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү өткөн жылдан өткөн 4552,7 миң сом акча каражаты ичинде 73101,5 миң сом болсо ал эми анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 32753,0 миң сом, максаттуу трансферт 13944,4 миң сом, өздүк киреше 21857,2 миң сом, (анын ичинде атайын каражат 1712,1 мин сом) болуп чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 70557,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү 49063,7 миң сомго ( анын ичинен өткөн жылдан калган калдык -1815,8 миң сом, теңдеширүүчү трансферт 30599,8 миң сом.Такталган планы 55966,4 мин сом, өздүк киреше 19313,4 миң сом анын ичинен атайын каражат 3203,2 миң сом, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер 4237,4 миң сом) чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 57658,4 миң сомго аткарылышы боюнча маалымат жактырылсын.
3.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 52436,8 миң сомго бекитилсин, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 31482,1 миң сом, өздүк кирешелер 20954,7 миң сом,(анын ичинен атайын каражат 1712,1 миң) сомго кабыл алынсын.
4.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата болжолду планы 54242,4 миң сомго,( анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 31482,1 миң сом, өздүк кирешелер 22760,3 миң сом, ал эми 2027-жылга карата болжолду планы 56517,4 миң сом анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 31482,1 миң сом, өздүк кирешелер 25035,3 миң сомго долбоорунун болжолу жактырылсын.
5. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына 8(сегиз) штаттык бирдик бекитилсин жана эмгек акыларынын 50(элүү) пайызы жергиликтүү бюджеттен 50(элүү) пайызы өзүн өзү каржылоонун эсебинен жүргүзүлсүн жана жергиликтүү бюджеттен 3500,0 миң сом субсидия берилсин.
6.Жергиликтүү жана республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттарын чынымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү баардык кызматкерлеринен, баардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С. Карыбековго тапшырылсын.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке жүктөлсүн.
Төрага: | А. Кудайбергенов |