Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 2
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 3651,8 миң сом жана атайын каражаттын 90,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине бекитип берүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 3651,8 миң сом жана атайын каражаттын 90,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү боюнча айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Турсуналы уулунун жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 3741,8 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 90,0 (миң сом) калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланган 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдын пайдаланылбай калган 3741,8 миң сом, ( анын ичинен атайын каражаттар эсебинде 90,0 миң сом) калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевке, финансы эконмика бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго тапшырылсын.
Төрага: | А. Кудайбергенов |