Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 3
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине жана жергиликтүү кеңештердин Регламентине ылайык Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө-Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылга түзүлгөн иш планы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына жана жергиликтүү кеңештердин Регламентине ылайык өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү кенештин компетенциясында белгиленгендей бекитилсин.
2.Жылдык иш планда көрсөтүлгөн иш чараларды аткарууну жетекчиликке алуу жана анын аткарылышына камсыз кылуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге,мекеме жетекчилерге, тиешелүү кызматкерлерге,айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3.Иш планда көрсөтүлгөн маселелер өз мезгилинде сессияга коюлуп,ырааттуулук менен өтүлүшүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин жоопту катчысына жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.
Төрага: | А. Кудайбергенов |