Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 5
2024-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасын 2025-жылга, болжолдуу 2026-2027-жылдарга бекитүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Турганбаевдин “Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасын 2025-жылга, болжолдуу 2026-2027-жылдарга бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун 3 пунктчасына ылайык Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевдин маалымат отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жана болжолдуу 2026-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
3.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жана болжолдуу 2026-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленгендерди жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу жана башка киреше булактарын табуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына. жооптуу кызматкерлерге, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Т. Кудайбергенов |