Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 10-январы № 6
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу айылдарга түнкү көчө жарыктандыруучу электр мамычаларын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 7-пунктчасына ылайык Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Жай айылына түнкү көчө электр жарыктандыргычтарды орнотуу үчүн Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-январындагы №2 сунушун карап чыгып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Ак-Жай, Ак-Босого айылдарына Ош-Сарыташ-Эркештам эл аралык автожолунун жээгине түнкү көчө электр жарыктандыргыч мамычаларын орнотууга уруксат берилсин жана эл аралык жолдун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2.Айыл аймагынын Чий-Талаа айылындагы Ак-Пейил участкасына жана Кичи-Каракол айылын ички жолунун жээгине түнкү көчө электр жарыктандыргыч мамычаларын коюуга макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Т. Кудайбергенов |