Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 29-январы № 8
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү техникаларды пайдаланууда көрсөткөн кызматтары үчүн акы алынуучу тарифтерди жана калктын таза сууну пайдалануу, таштанды чыгаруу боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү техникаларды пайдаланууда көрсөткөн кызматтары үчүн акы алынуучу тарифтерди бекитип берүү боюнча “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.О.Алиевдин 2025-жылдын 28-январындагы №10 сунуш катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү техникаларды пайдаланууда көрсөткөн кызматтары үчүн акы алынуучу тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
1.Экскаватор атайын техникасынын 1(бир) сааттык кызмат акысы 3000 сом. Башка айыл өкмөттөргө 4000 сом. Кошумча А точкадан Б точка аралыкка айдап жеткирүү акысы бир чакырымына 1литр күйүүчү май кардардын эсебинен жүргүзүлсүн.
2.Таза-суу түтүгүнө траншея казуу (тереңдиги бир метр) 150 метрге чейин метри 150 сомдон, 100 метрден жогору метри 100 сомдон. Башка айыл өкмөттөргө метри 150 сом. Кошумча А точкадан Б точка аралыкка айдап жеткирүү акысы бир чакырымына 1литр күйүүчү май кардардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Септик, ажаткана казуу метри(тереңдиги) 1000с. А точкадан Б точка аралыкка айдап жеткирүү акысы бир чакырымына 1литр күйүүчү май кардардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4.Поргузчик атайын техникасынын 1(бир)сааттык кызмат акысы 3000 сом Башка айыл өкмөттөргө 4000 сом. Кошумча А точкадан Б точка аралыкка айдап жеткирүү акысы бир чакырымына 1литр күйүүчү май кардардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5.ХОВО 336 оор жүк ташуучу унаанын(20 тонналык) шагыл, топурак ташуу акысы 10км чейин аралыкка бир жолку каттамы 3500с башка айыл өкмөттөргө жана жеке фирма, ишканларга 4500сом болуп бекитилсин.
6.ХОВО SINOTRUK оор жүк ташуучу унаанын( 10 тонналык) шагыл, топурак ташуу акысы 10км чейин аралыкка бир жолку каттамы 3000сом башка айыл өкмөттөгө жана жеке фирма, ишканаларга 4000сом болуп бекитилсин.
7.Курулуш таштандыларын чыгаруу кызмат акысы бир жолку каттамы (рейси) 2500сом, башка айыл өкмөттөргө жана жеке фирма,ишканларга 3000сом болуп бекитилсин.
8.Таза-Суу акысы айына ар бир үй (түтүн) гө 100сом болуп бекитилсин.
9.Таштанды чыгаруу акысы ар бир үй (түтүн) гө бир кабына 50сом болуп бекитилсин.
10.Чайкана, жана жеке иш каналарга таза-суу жана таштанды чыгаруу акысы айына 1000сом, мончолорго 1000сом болуп бекитилсин.
11.Жогорудагы белгиленген төлөмдөр менен иштөөнү камсыз кылуу жагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.О.Алиевге милдеттендирилсин.
12.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жүктөлсүн.
Орун басар: | Н.Ш. Балыева |