Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 29-январы № 9
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын салык мезгилдеринде пайдалануу үчүн турак жай имараттары жана жайларына 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бектитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына 2025-жылдын 1-янарынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 8,5 сом болуп бекитилсин.
3.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында турак жай имараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн К3-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн К3-зоналдык коэффициенти 1.0 болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, эконимика, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орун басар: | Н.Ш. Балыева |