Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 29-январы № 10
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы №18 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы №18 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы №18 сандуу сунушунун негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Алай айылындагы муниципалдык менчикте турган Кызыл-Алай орто мектебинин эски имаратынын орду болуп эсептелген 3420.00 чарчы метр жер аянтына бала бакча курууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы жер тилкесине бала бакча курууга юридикалык документтерди даярдоо үчүн Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жер ресурстары, Кадастр,Геодезия жана Картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай райондук филиалына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун 8 пунктчасына жана 39-берененин 5-пунктуна ылайык Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-январындагы №24 сандуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орун басар: | Н.Ш. Балыева |