Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 29-январы №11
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы № 19 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы №19 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу Чий-Талаа айылындагы аптекага тиешелүү 600,00 чарчы метр жер аянтынан фельдшердик акушердик пункт куруу үчүн 300.00 чарчы метр жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жогорудагы фельдшердик акушердик пунктка тиешелүү юридикалык документтерин даярдап Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жер ресурстары, Кадастр,Геодезия жана Картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай райондук филиалына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орун басар: | Н.Ш. Балыева |