ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын
кезектеги 36-сессиясы
2024-жылдын 3-апрели №14
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомунун 1-бөлүгүндөгү Балтырганды участкасындагы № 1076, 1077 контурларындагы 45,0 га деп көрсөтүлгөн жер аянты 44, 77 га, ал эми жалпы которулуучу 146,3 га деп көрсөтүлгөн жер аянты 146,07 га жер аянты болуп өзгөртүлсүн.
2. Тактап айтканда төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
-Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Арык-Үстү участкасындагы № 1076 контурундагы 7,0 га жайыт, Кум-Талаа участкасындагы № 1286, 1287 контурларындагы 80,0 га жайыт жана таштуу жайыт, Какыр участкасындагы № 315 контурундагы 13,0 га таштуу жайыт, Сары-Таш участкасындагы № 1307 контурундагы 1,30 га жайыт, Балтырганды участкасындагы № 1076, 1077 контурларындагы 44,77 га таштуу жайыт эсебинде турган жалпы 146,07 га жер аянттарына калктуу конушту кеңейтүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жана таштуу жайыт түрүнөн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформация) үчүн макулдук берилсин.
3. Жерлерди которуудагы иш кагаздарын толук кандуу даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жер адиси А.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |