Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 16
Үч-Төбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесине ылайык жана айылдык кеңештин Регламентинин негизинде, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жашыруунун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №3 протоколун карап чыгып жана талкуулоонун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Кудайбергенов Абазбек Төлөновичтин айылдык кеңештин төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арызы канааттандырылсын.
2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү Эсептөө комиссиясынын №3 протоколу бекитилсин.
3. Эсептөө комиссиясынын № 3 протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык көпчулүк добушка ээ болгон Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Турсунаалы уулу Нурсейит Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинсин.
Орун басар: | Н.Ш. Балыева |