Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №11
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Туу айылында жайгашкан 0,15 га жер тилкесин Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай РИИБ боюнча ЖККБнүн башчысынын Чоң-Алай РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнө имарат куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган өтүнүчүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынан Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө калкты тейлөө борборуна имарат куруу үчүн № 1326 контурунда жайгашкан 0,15 га жер тилкесин мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдирахимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |