Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №13
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Джилга участкасында жайгашкан 12,7 га жер аянтынан “Байтемир-Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кенин казып иштетүүгө макулдук берүү боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. “Байтемир-Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Джилга участкасында жайгашкан 12,7 га жер аянтынан көмүр кенин казып иштетүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзамга ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |