Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №14
Кылым паркын уюштуруу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Кыргыз Республикасынын Президетинин № 270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президетинин № 270 Жарлыгына ылайык Дароот-Коргон айылына караштуу Балтырганды участкасына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жүз жылдыгына карата “Кылым паркын” түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул түзүлгөн паркты жандандыруу тактап айтканда ар түрдүү бак дарактардын көчөттөрүн тигүү жана айланасын тосуп көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |