Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-майы №15
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтын эс алуу паркын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтын эс алуу паркын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтына жеңил курулуштагы имараттарды куруп эс алуу паркын уюштурууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жеңил курулуштарды куруп эс алуу паркын уюштуруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |