Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-1
Көк-Жар айыл аймагында 2024-жылдын 28-июнунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен эл ичүүчү таза суунун сел алып кеткен түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн Ош өнүктүрүү фондунан акча каражат алуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагында 2024-жылдын 28-июнунда каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата шаркыратмасынан келип жаткан таза суунун түтүктөрүн сел алып кеткендигине байланыштуу жана Борбаш, Көк-Жар, Каранай, Сарыканды, Алашан, Он Эки Бел айылдарында селден кесепетинен жабыркаган элдерге материалдык жардам көрсөтүү максатында, айыл өкмөтүнүн алдында демилгелүү топ түзүлүп, түзүлгөн демилгелүү топ сел алып кеткен түтүктөрдү эсептеп чыгып, сметалык баасы 6 600 000 (алты млн алты жүз миң) сом акча каражаты керек экендиги жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде азыркы учурда бул суммадагы акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу, сел алып кеткен таза суу линиясын калыбына келтирүү үчүн Ош өнүктүрүү фондунан 6 600 000 (алты млн алты жүз миң) сом акча каражатын суроо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
2.Жогорку органдардан жана демөөрчүлөрдөн келген материалдык жардамдар Борбаш, Көк-Жар, Каранай, Сарыканды, Алашан, Он Эки Бел айылдарында селден кесепетинен жабыркаган элдерге таратуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |