Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-2
Алашан айылындагы жаңы көчөгө Осмонов Шариптин
ысымын коюу жөнүндө
Алашан айылындагы жаңы көчөгө Осмонов Шариптин ысымын ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алашан айылындагы жаңы көчөгө Осмонов Шариптин кылган эмгектерин эске алып, ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Сарыбаевге, айыл өкмөтүнүн юристи С.Жолдошевге жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Р. Арапов |