Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-3
Көк-Жар айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 39-сессиясынын 2016-жылдын 22-сентябрындагы №39-1 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 39-сессиясынын 2016-жылдын 22-сентябрындагы «Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү» №39-1 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизүү тууралуу:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жийде айылындагы «Мадина» балдар бакчасына жылына кезектеги ремонт иштерине акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Өзгөчө кырдаал болгон учурда жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |