Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-4
«Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасынын
аталышын өзгөртүү жөнүндө
Административдик-аймактык реформанын негизинде бириктирилген Көк-Жарайыл аймагындагы «Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасына кошумча кызматтар бириктирилгендигине байланыштуу, муниципалдык ишкананы кайрадан катоодон өткөрүү жана аталышын өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасына кошумча кызматтар берилгендигине байланыштуу «Көк-Жар» муниципалдык ишканасы деп атоого макулдук берилсин.
2. Муниципалдык ишкананын уставын бекитип берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылуу жагы «Көк-Жар айыл аймагындагы айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы А.Шамуратовго тапшырылсын.
3. Муниципалдык ишкананын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайрадан катоодон өткөрүү жагы жана Муниципалдык ишкананын жетекчисине тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |