Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 31-июлу № 5-5
Муниципалдык менчиктеги обьектти түз
пайдаланууга берүү жөнүндө
Он Эки Бел айылына CASA 1000 долбоорунун негизинде АРИС уюму тарабынан шире (сок) чыгаруучу цех алынып, Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айыл өкмөтү мекемесинин муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктоктон сырткары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОсунун 8-главасындагы 73-пунктуна негиз пайдаланууга түз берүү максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылына CASA 1000 долбоорунун негизинде АРИС уюму тарабынан шире (сок) чыгаруучу цех алынып, Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айыл өкмөтү мекемесинин муниципалдык менчик мүлктөрүн (жер участоктоктон сырткары) пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОсунун 8-главасындагы 73-пунктуна негиз Мийзамов Мундузбек Куштаровичке түз берүү жолу аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |